www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Түркстан облусунда "бир тууган агамдын аялы менен көңүлдөш болгон" деген видеону таратып жиберем деп коркутуп, ири суммадагы акча талап кылган 33 жаштагы жаранга сот чечим чыгарды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 2020-жылы сентябрь айында жабырлануучуга белгисиз адам телефон чалып, эки сааттын ичинде 700 миң теңге таап бер деп талап кылган. Анда ал жабырлануучуга байкесинин аялы менен жыныстык катнашта болгонундагы видеону социалдык тармактарга таратып жиберем деп коркуткан. Ачууланган адам чалган адамга мындай иш кылбагандыгын жана ал жаңылып калгандыгын түшүндүрүүгө аракет кылган.

"Жабырлануучу мындай ишке такыр тиешеси жоктугун айтып, полицияга кайрылган. Кийин жабырлануучуга белгисиз номер менен чалган жарандын аты-жөнү такталган. Анын көп адамдарды ушундай жол менен коркутуп, акча алып жүргөнү аныкталган. Ал 33 жашта жана эки баланын атасы болгон. Полиция тарабынан ага карата кылмыш иши козголуп, айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган эмес. Бирок анын коркутууларынын телефондо жазылып калганы боюнча тийиштүү экспертизалар чыгып, анын күнөөсү далилденген. Сот анын жаш балдарын жана башка учурларды эске алып, 2 жылга эркинен ажыратты", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости