www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду өз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды. Эки лидер 1-сентябрдан бери өтө жакын жана достук маанайда пикир алышып келатат. Венгрия лидери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине катышып, андан ары Кырчында өтүп жаткан иш-чараларга да Сооронбай Жээнбеков менен кошо барып келди.
-Венгрия Европадагы өлкөлөр сыяктуу эле өнүгүп жаткан өлкө. Бизди жат элдер курчап турат жана биздин туугандарыбыз жок. Ошондуктан, Венгрия өзүнүн географиялык, маданий жана рухий тамырларына камкөргүсү келет, - деди Орбан.
Виктор Орбан өз өлкөсү түрк тилдүү мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөгөнүн билдирди. Ал Венгриянын Эксимбанкы Кыргызстанга насыя берүү боюнча линия ачаарын убада кылды. Аягында Орбан мырза кыргыз президентин Венгрияга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg