www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирустун болжолдуу экинчи толкунуна даярдыктар облустук деңгээлде талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова саламаттык сактоо кызматкерлеринин маалыматын угуп, алдыдагы иш пландар тууралуу талкуу жүргүзгөн.

Жыйында 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдериндеги коронавирустун экинчи толкунуна карата Баткен облусунун даярдыгы боюнча төмөнкүдөй маалыматтар айтылган:

  • Дарыгерлер-вирусолог жана лаборанттар окуудан өтүп, медициналык жайлар бейтаптарды кабыл алууга даярдык көрүүдө;
  • Алгачкы этапта сасык тумоого каршы 37 900 доза вакцина керектелсе, анын 9000 дозасы бүгүнкү күндө берилүүдө;
  • Үй-бүлөлүк медицина борборунун эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 90 орундуу оорукананын штаттык маселелери чечилип, медициналык жабдуулар менен камсыз кылынууда;
  • Ал эми коргонуучу каражаттардын 3 айга жетүүчү запасы камдалды;
  • Обсервация үчүн 2000 орун даярдалды;
  • Жергиликтүү бийлик тарабынан күндүзгү стационар катары 133 мекемеде 1617 керебет даярдалды;

Жыйында Чынара Саттарова ооруканаларга дагы 600гө жакын стационардык орун даярдоону жана облуска компьютердик томография орнотууну тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости