www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Жогорку Кеңешке шайлоого катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, вице-премьер-министр Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду.
Буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон. Ага ылайык, Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулган.
Ал азырынча кайсы партиядан талапкер болот белгисиз.
Эскерте кетсек, 2015-жылы Аида Исмаилова «Республика-Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта вице-премьер-министрлик кызматты аркалап келет.
Булак: NazarNews.kg