www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун оору азайбай, кырдаал кармалып жаткан аймактарында чектөөлөр күчөтүлөт. Бул тууралу облус башчысы Нурболот Мирзахмедов ыкчам штабдын онлайн жыйынында баса белгиледи.
Ага себеп бүгүнкү күндө райондордон Сузак, Аксы жана Ала-Букада жаңы табылган бейтаптардын саны азайбай жатканы. Мында облус башчысы район-шаарлардын жетекчилерине, медицина кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө ылайык күчөтүлгөн тартипте натыйжалуу иш алып баруу керектигин айтты. Оору катталган даректерди тактоо менен ага карата карантиндик чектөөлөрдү кабыл алуу тапшырмасын берди. Ага кошумча башка аймактарда чакыруулардын саны азайгандыктан, мобилдүү топторду кыскартуу керектигин билдирди.
Жалал-Абад облусунда илдет менен жалпы 4 миң 42 бейтап катталган. Анын 3 миң 221и стационарларда, ал эми 821 оорулууга үй шартында (амбулатордук) дарылоо жүргүзүлгөн.
Акыркы суткада облуста 29 жаңы учур катталды. Алардын алтоосу кызыл аймакта иштеген медицина кызматкерлери. 24-августта 14 бейтап ооруканалардан айыгып чыкса, оор абалда дарыланып жаткандар 24 киши. Анын ичинен алтысы жандандыруу бөлүмүндө. Жалпы ооруканаларда 189, ал эми күндүзгү стационар жана үй шартында дарыланып жаткандар 241.
Андыктан, COVID-19 жана пневмония дартынан арылуу үчүн, жарандар арасында санитардык эрежелерге кайдыгер карабоо башкы талап бойдон калат.
Булак: NazarNews.kg