www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева депутаттардын кечээки кезексиз жыйыны мыйзамсыз өткөнү тууралуу билдирүүсүн таратты. Пикирин социалдык түйүндөгү баракчасына бүгүн, 11-октябрда жарыялаган.

Депутат бир четинен кечээки мыйзамсыз деп эсептеген жыйындан түз эфир аркылуу айрым кесиптештеринин туура эмес ишин айтпастан чыгып кеткенине өкүнүп жатканын айткан.

Белгилей кетсек, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы жыйынга 53 депутат өзү катышып, 10 депутат ишеним катын бергени айтылган. Депутаттар өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоду. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол коё элек.

Аида Касымалиеванын билдирүүсү (өзгөртүүсүз беребиз):

«Бир четинен болуп жаткан окуяга каршылык көрсөтүп, коркутуу болгон жыйынды мыйзамсыз кылуу үчүн кеткем. Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисине телефон чалып дагы, жазып дагы менин добушум кворум үчүн эсептелбесин деп айткам. Ал баары бир катталганын айтты. Мыктыбек Абдылдаев жана Мирлан Бакиров менен дагы байланыша албай койдум. Кворум үчүн менин добушум жок.

Коркутуу боюнча. Ошол жакта жүргөн Урмат Самаевден мага болгон коркутуу.

Урмат жана атын айтуудан да коркуп жатышкан сиздин шеф, мен силерден коркпойм. Мен азыркыга чейин коомдук транспортко түшөм жана жалгыз жүрөм. Эгерде менин кызыма, үй-бүлөмө бир нерсе болсо, анда баары бул жерге жазылды.

Өлкөдөгү бардык процесстер мыйзамдуу болушу керек. Өзгөчө ушундай тарыхый окуялар. Кечээ кворум болгон жок. 61 депутат өзү катышуусу керек. Андан кийин гана ишеним каттар каралат.

Бул Жогорку Кеңештин жыйынына да тиешелүү. Жогорку Кеңештин аппараты баарын жазуу түрүндө жарыялашы керек. Мен жада калса Жогорку Кеңештин имаратына да кире албай жатам. Кечээки жыйындын мыйзамдуулугу сотто каралат. Биз мыйзамдуулукка кайтышыбыз керек».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости