www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз кызматынын “Азаттык Медиа” мекемесиндеги кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти, Эл аралык Айтматовдук Коомдук академиянын журналистика боюнча академиги журналист Бүбүкан Досалиеваны Жогорку Кеңештин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева эскерди...
 
"Бүбүкан эже, сөздөр табылбай жатат...

Көп жылдар бою сиз менен иштештим. КТРКнын суук студиясында, монтажныйларында "Азаттык +"ту жасап, дем алыш күндөрү, түнү экөөбүз калчубуз. Менин да характерим татаал, Сиз да өзүнчө калыптанган инсан катары көп талашчубуз. Кийин ошонун баары бекем мамилеге айланды. Көрсө, ал күндөр сонун бактылуу күндөр турбайбы...

Эсимде жашыл машинанызды айдап, тыкылдап, чачынызды бир жакка силкип, күлгөн бойдон кала бересиз. Галстук аялдардан сизге эле жарашчу.

Жокту бар кылган, жашоону шаңга бөлөгөн, камкор, дайыма сонун кийинип жүргөн, өз ишине так өзгөчө Аял элеңиз.

Жаткан жериниз жайлуу болсун...", - деп эскерген Аида Касымалиева.

Эске сала кетсек, 5-июлда жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог айымдардан эле. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. Ал КТРК, “Сары Өзөн Чүй” сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости