www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-майда, Жогорку Кеңешинин төрага орун басары Алтынай Өмүрбекова Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Саймон Макдональд менен жолугушту.

Алгач Алтынай Өмүрбекова көптөгөн жарандардын өлүмү менен коштолгон Манчестер шаарындагы “Манчестер-арена” концерттик залындагы жардырууга байланыштуу көңүл айтты. Кыргызстанга алгач ирет келип жатканын белгилеген Улуу Британия ТИМ статс-катчысы С.Макдональд маектешинин кайрат айтуу сөздөрүнө ыраазычылык билдирди. Ал бай тажрыйбага ээ Британия парламенти тууралуу учкай сөз кылып, Кыргызстанда парламенттик демократия жолунда парламенттин ролун, парламент ишинин ачык-айкындуулугун, эл өкүлдөрүнүн шайлоочулар алдындагы отчеттуулугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттерге кызыкты.

«Улуу Британия - парламентаризмдин мекени. Андыктан, биз үчүн Улуу Британия парламентинин тажырыйбасы өтө маанилүү. Биз ар тараптуу кызматташууга даярбыз. Мамлекеттин укуктук негиздери, адам укуктарынын корголушу, сот системасын реформалоо жаатында кеп- кеңеш алууга кызыкдарбыз”,- деди вице-спикер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости