www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын “мактанчаак, бала кыял” президенти Доналд Трамп, “АКШ, Улуу Британия Сирия боюнча ракеталык сокку колдонуу менен күрөшүп келген”, деп билдирди. Бул тууралуу Трамп Twitterдеги баракчасына жазды.

«Удар был выполнен отлично. Спасибо Франции и Великобритании за их мудрое решение и силу их замечательных военных. Мы не могли бы представить результата лучше. Миссия выполнена!» деп жазган ал.

Маалыматтарга караганда, соккулар Дамасктагы илимий-изилдөө борборуна жана Сирия армиясынын тандалган бөлүктөрү жайгашкан аскердик базаларга багытталды. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбордон билдиришкендей, бутага алынган айрым базалар менен аэропорттордон кызматкерлер буга чейин, апта ортосунда эле эвакуацияланган.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Хомс шаарынын сыртында жайгашкан объектке сокку урганын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча анда химиялык курал жасоо үчүн керектүү болгон заттар сакталат. Министрлик алдын-ала алынган маалыматтарга караганда чабуул ийгиликтүү болгонун белгиледи.

Пентагон АКШ былтыр Хан-Шейхунда химиялык чабуулдан кийин жасаган соккуларга караганда, бул жолкусунда эки эсе кубаттуу аскер куралдары колдонулган. Сириялык ММКлар бул чабуулду «эл аралык укуктарды одоно бузуу» деп атап, аскерлер ракетага каршы коргонуу системасын колдоно баштаганын жана 13 ракетаны атып түшүргөнүн жазган.

14-апрель эртең менен Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар Орусиянын Сириядагы аскердик базаларынын айланасына жасалбаганын кабарлаган.

Трамп Орусияны дагы, Иранды дагы Асаддын «адам өлтүргүч» режимин колдоону токтотууга  үндөп, эки өлкөнү «Асаддын кылмыштуу режимин колдоого, курал жана акча менен камсыздоого» жооптуу экенин кошумчалады.

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов АКШ менен анын союздаштарынын чабуулун кескин сынга алды. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Сирияга жасалган соккулар «аймактык кесепеттерге» ээ болорун билдирди. Франция чабуулдар тууралуу Орусияга алдын ала маалымат берилгенин кабарлады. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

АКШ президенти Трамптын  «жиндидей» кадамына ишеним жок. Анын түшүнүксүз мүнөзү өтө эле опурталдуу... "Бала кыял" Трамп, эл аралык мыйзамды бузуп, Twitterдеги баракчасы аркылуу, ар кандай шилтемелерди жазып ойноп жатканы Путиндин "кыжырын" келтирип, "азуусун" кычыратып турганы айдан-ачык белгилүү болуп турат.

Ошол эле убакытта баардык кырдаалдан «кылдаттык менен чыгып кеткен» Россиянын президенти Владимир Путин, «бала кыял, мактанчаак» Дональд Трамптын амалынан кантип кутулат күтө туралы. Баарынан кызыгы, алдыдагы 6 жылдык планын 6 мүнөттө түзгөн Путин, Трампты «игрушка» кылып койбогой эле…

Терең маани бере турган маселе, Путин менен Трамптын теке тирешине эч ким, эч качан кооптонбой кол шилтеп коё албайт. Анткени, жерге жайылган адам каны, атылган ачуу мылтыктын үнү, асмандагы аёосуз жааган "бомбаларды" эч ким көргүсү жана уккусу келбейт.  

Баса, "бизнесмен" Трамптын бул кадамына, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама азырынча үн ката элек. Ал Трамптын "жиндидей кыялы" бар экендигин беш колдой билет. 

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости