www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин британиялыктардын Крымдагы аракетин чагымчылык деп баалады.

Бул тууралуу Путин журналисттин британиялык эсминецтин деңиздеги чек араны бузуп кирип келиши Үчүнчү дүйнөлүк согушка себеп болбойт беле деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Британиялыктардын кылганын чагымчылык деп баалайм. Буга АКШлыктардын дагы тиешеси бар. Биз Defender эсминецин чөктүрүп ийсек дагы Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталып кетишин элестетүү кыйын эле. Анткени муну кылып жаткандар бул согуштан эч ким жеңүүчү болуп чыкпасын жакшы түшүнөт", — деди Путин.

Эске салсак, 23-июнь күнү Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Defender эсминецин аскер учактарын колдонуп токтоткон. Кеме Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган. Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости