www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстандын карызын кечүү боюнча өкмөттөр аралык протоколду ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында маалымдалат.
2012-жылы Кыргызстандын жалпы карызынын суммасы 488,9 миллион доллар болчу. 2012-2013-жылдардагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия 2013-жылы карыздын 188 миллион долларын кечкен.
Калган 300 миллион доллар "10 жылга созулган мөөнөттө кыскартылат" деген негизде келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 2016-2017-жылдары 300 миллиондон 60 миллион доллар кыскарып, жыйынтыгында 240 миллион доллар карыз калган.
Булак: NazarNews.kg