www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын бардык аймактарында 18-марттагы президенттик шайлоодо добуш берүү аяктап, алгачкы жыйынтыктар чыга баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 65 пайызга чукулу саналып бүткөнүн, президент Путин 75% менен алдыда келе жатканын билдирди. Ал эми эки экзит-поллдун, анын ичинде VTsIOM деп аталган өкмөттүк экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, президент Владимир Путин 73,9 пайыз добушка ээ болушу мүмкүн.

Бул экзит-поллдун жыйынтыгы туура чыкса, 65 жаштагы Путин буга чейинки шайлоолордон кыйла көп добуш топтогон болот. Ал 2000-жылы 53% жетпеген добуш алса, 2004- жана 2012-жылдагы президенттик шайлоолордо добуштардын 71% ашыгыраагына ээ болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости