www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европадагы «Кайра жаралуу доору» деп аталган маданияттын генийлеринин бири, тээ 16-кылымда жашап өткөн голландиялык сүрөчү Харменс ван Рейндин атактуу «Возвращение блудного сына» деген баа жеткис сүрөтүн далайыбыз эле көрүп жүрсөк керек.

Бул чыгарма Евангелиядагы бир баяндын окуясынын негизинде тартылган. Ал окуяда бир адамдын кичүү баласы өзүнчө оокат кыла алам деп жер кыдырып кетип, адашып жүрүп, жан азыгы түгөнгөндө аргасыз өз жерине келет. Евангелиядагы бул окуя качандыр бир доорлордо жазылган. (Рембранттын атактуу сүрөтү болсо мындан болжолдуу 350 жыл мурда тартылган.)

Минтип ал сүрөтчүнүн картинасы тууралуу эскерип жатканыбыз, дал ошол Рембрант сүрөттөгөндөй эле Ө.Бабанов да 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин ага карата кылмыш иши козголгондо, ал үчүн добуштарын берген ошол кездеги 600 миңге жакын электораты колдоого алып турса да өлкөдөн чыгып кетип калган. Анан үстүбүздөгү жылдын Нооруз майрамынын алдында «мен баратам, күткүлө!» деп жар салып, а бийлик «келсең камайбыз» деп койсо аэропорттко кирип бараткан жеринен кайра артка кеткен эле. Ошондон кийин эл арасында «Бабанов аны күткөн электоратынан да байлыгын, көр дүйнөсүн жогору койду» деген кеп тараган. Көптөрүнүн көңүлдөрү кайт болгон. Ал эми айтылуу Азимбек Бекназаров ачык эле «Бабанов байлыгын баласынан да жакшы көрөт...» деген тариздеги пикирин ММКларга билдирип чыккан.

Эми минтип өлкөдөгү чыңалган кырдаалдан пайдаланыппы же өйдө жактагы билермандар менен жең учунан сүйлөшүп алыппы, айтор Кыргазстанга кирип келди. Кирип келген менен аэропорттон бутун жерге түшүрүп аны тосуп барган эл менен учурашууга жүрөгү даабады. Даңкайган жол тандабас машинесинен денесинин жарымын чыгарып бир демелерди айтымыш болду.

Ал эми «Балапан... коррупцияны биринчи сенден баштайм» деген президент деле, «Бабанов келсе эле камайбыз» деген УКМК деле аны суракка чакырып, чакырымыш болуп эл көзүнө кандайдыр бир «имитация» гана жасап жаткандай...

Өмүрбек Бабанов болсо «урматтуу президент менен күч түзүмдөрүнө ага кара-а жасаган жылуу мамилеси үчүн терең ыраазычылыгын» кайта-кайта билдирип, коомчулукка болсо «элим, жерим силер үчүн жанымды берүүгө даярмын» деген маанайдагы небак трафареттелип бүткөн сөздөрүн сүйлөп, өзүн Кыргызстанда акыйкаттын, тынчтыктын, тазалыктын, өлкөнү саздан сууруп кетүүчү реформатордун символундай көргөзүп, элдин «мээсин тегереткенге» өттү.

А чынында Кыргызстандын калың бөлүгү андан өлкөдөгү болуп жаткан акыркы саясий окуялар туурасында калыс, куйтуланбаган ачык сөзүн уга албай отурушат. Ө. Бабанов болсо өзүн өтө комфортуу сезип жатканын улам божураган сайын негедир элдин ага болгон ишеними дээрлик тайыздап баратат, деп "Айгай" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости