www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сүйлөштүк, кепке келдик, чечим кабыл алдык, эми аларды аткаруу үчүн тике туралы”- деп тарашты кечээ 21-август күнү Ат-Башы районундагы Кошой Коргон-Чеч Дөбөгө республика боюнча чогулган 300 гө жакын эл. “Улуттук Биримдик: Чеч дөбө кеңеши” аталышындагы эл тагдыры-өлкө тагдырына байланышкан маселелерди талкуулаган элдик жыйын болуп өттү. Ал күнү Ат Башы өрөөнү нурга бөлөнүп турду, демейдегиден күн да башкача чыгып, элдин маанайы да жаркып, бири бирине жылуу алкоолорду айтып, улуу-кичүү бир сөздөн бири бирин колдоп турду. Алгач Манас айтылып, Чеч Дөбөнүн төбөсүнө Кыргызстандын кызыл туусу, Манас атанын көк туусу көтөрүлүп, тогуз актын таш мамысы орнотулуп, Кыргыз эл жазуучусу А.Жакшылыков баштаган үч аксакалдын батасы менен руханий багыттагы иш чара аткарылды.Желектерди даярдоого "КЖ.ГРУПП" Курулуш компаниясынын жетекчиси И.Ташов , Ат-Башынын жаштары жардам берсе таш мамыны орнотууга жаш саясатчы Ж.Ырсалиев көмөк көрсөттү. Экинчи бөлүгү элдик жыйын түрүндө улантылды. Эч кандай пикир келишпестик болгон жок, жыйынга катышкандардын эң улуусу филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Иманов, аксакалдык ак сөзү, терең маанилүү батасы менен баштап берди. Сүйлөгөндөр да кайчы пикир айтпастан бири биринин пикирин кубатап, толуктап сүйлөп жатышты.  Коомчулук тарабынан даярдалган “Өнүгүүнүн кыргыз жолу” аталышындагы Багыттаманын негизинде даярдалган “Эл тагдыры-өлкө тагдыры” аталышында 20 мин баяндаманы ушул иш чаранын Уюштуруу комитетинин төрагасы К.Кошалиев жасады. Жарыш сөзгө чыгышкан филология илим.доктору, өмүр бою Манасты изилдеген окумуштуу Советбек Байгазиев, “Мөнгү” фондунун төрагасы Ү.Кабылбеков, КРнын экс-спикери М.Шеримкулов, “Алтын казык” коомунун төрагасы О.Рыскулбеков, коомдук-саясий ишмер, белгилүү ишкер А.Салымбеков, жаштардан ТЭКтин мүчөсү А.Бусурманкулов жана жергиликтүү элдердин өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Жыйынды “Элдик Курултай” кыймылынын төрагасы К.Дүйшеев алып барды жана кеңешменин аягында төмөнкүдөй мазмундагы ЧЕЧИМ кабыл алышты:

КРнын баардык аймактарынан, кыргыз урууларынан, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынан жана улуттук–мекенчил багыттагы уюмдардан болуп, жалпысынан үч жүзгө жакын адам катышкан Ат- Башы районунда өткөн “Улуттук биримдик: Чеч Дөбө кеңеши” аталышындагы элдик жыйындын  ЧЕЧИМИ  Бабалардын изи менен канча бир доорлордон кийин тарыхый жер болгон Ат- Башыдагы Кошой Коргон -Чеч Дөбөдө кайрадан калдайган калың журттун өкүлдөрү жолугушуп олтурганыбызга шүгүрчүлүк келтирели. Илгертеден азыркыдай калктын тагдыры таразага түшүп, түйүндүү маселелер көбөйүп калган учурларда эл сыйына эгедер билги, даанышман, эл жакшылары ЧЕЧ ДӨБӨГӨ чогулуп, ийри олтуруп, түз кеңешип, элдин тагдыр чечер өзөктүү маселелерин калыс-адилет чечип келишкен. Элдин эрки, биримдиги, деми, жаратман күчү жана каалоосу жашоо-турмушту жакшы жагына өзгөртүүчү зор күч экендигин көрсөтүп, адеп-ыйман, намыс коштогон коомдук руханий жаңыланууга баруу-бүгүнкү күндүн өктөм талабы.  ЧЕЧ ДӨБӨ -Алтайдан алгач ирет Ала Тоого келген Манас бабабыз, Кан Кошой атага таазим эте жолугуп, кыргыз биримдиги түптөлгөн жер. ЧЕЧ ДӨБӨ - төрт тарабы төп келген Алмамбет шердин асыл сөөгү жаткан жер. Биз ошол өткөндү-азыркыны-келечекти байланыштырып турган тарыхый- ыйык жайда түйүндүү маселелерди ачык талкуулап төмөнкүдөй ЧЕЧИМГЕ келдик. 1. Ар кандай бөлүнүүлөргө бөгөт коюу менен бирге, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, улуттук ынтымак -биримдикти сактоо максатын көздөп, Кыргызстандын кызыл туусу, Манас атанын көк туусу көтөрүлүп, Тогуз актын учкул сөздөрү ташка жазылып, Чеч Дөбөгө орнотулсун. Тогуз ак- көкүрөккө бекем бак! 1.Уңгу ишеним - бир Жараткан! 2. Дүйнө түзүлүш - бир бүтүндүк!  3. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! 4.Элдин ынтымагы-ийгиликтин ачкычы!  5. Бийлик, байлык-элдики!  6. Мекеним- алтын бешигим!  7. Адилеттик-турмуш туткасы! 8. Илим, билим, маданият – келечекке шам чырак!.  9. Элдин абийири - улуттук дем жана ар намыс!

2. Эгемендик -эл бактысы. Жараткандын буйругу, тарыхый өнүгүүнүн ооматтуу жолу бизди эч кандай кан төгүүсүз жоготуп алган мамлекеттүүлүгүбүздү калыбына келтирип, эгемендикке ээ болуубузга шарт түздү. Байыртан келе жаткан бай тажрыйбабызга карабай, Эгемендик жылдары ар кимди ээрчип убакытты текке кетирдик. Азыр да өз өктөмүн жүргүзүп жаткан “ачык либералдык демократиялык коом аталган партиячыл жолдон баш тартып, түпбашаттан келе жаткан салттуу жолубузга түшөлү! Ич ара кармашуу, тирешүү жарабаган көрүнүш. Тынчтык жол менен коомдук мунасага келүү аркылуу жашоо-турмушубузду түптамырынан өзгөртөлү. Өнүгүүнүн улуттук-мекенчил жолун тандайлы.Кыргыз көчүн уланталы! 3) Мамлекеттик ырааттуу өнүгүүнү камсыздоо максатында быйыл жыл аягына чейин:  А) КРнын Баш мыйзамы түпкүлүктүү элдин табиятына, кулк мүнөзүнө ылайык малекеттик тилде жазылып, коомдук талкуудан өткөрүлгөн соң жаңыдан кабыл алынсын. Бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин камсыздоо максатында коомдук-саясий башкаруу түзүмгө Элдик Курултай, Аксакалдар институттарын өз ыйгарым укуктары менен киргизилсин. Б) Өткөөл мезгилде эл ишениминдеги Өкмөттү түзүп, ар тараптуу коомдук жаңыланууну колго алып, келерки 2020 –жылы бийлик бутактарын жаңы Конституциянын эрежелеринин негизинде тегиз шайлоодон өткөрүү сунушу колдоого алынсын.  В) Шайлоо кодексине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип, партиялык –кландык түзүмдү чектеп, Парламенттин мүчөлөрүнүн санын азайтып, депутаттардын элден түз шайланып келүүсүнө мыйзамдуу шарттар түзүлсүн. 4) Мамлекеттик идеологиялык иштерди ыраатка салууда түпкүлүктүү элдин салттуу баалуулуктарына таянып, өнүгүүнүн байыркыдан келе жаткан өзөктүү өз жолуна түшүү зарылчылыгы баса белгиленип, коомчулук тарабынан даярдалган «Өнүгүүнүн кыргыз жолу» аттуу Багыттаманын долбоору жактырылсын жана турмушка ашыруу үчүн бийлик органдарына сунушталсын. 5. Кыргызстанда кыргыз тилинин кадыр баркын көтөрүү менен толук кандуу мамлекеттик тил статусун сактоо үчүн саясий эрк жетишпей жатканы белгиленип, абалды ондоо үчүн жигердүү иштер жүргүзүлсүн. 6. КРнын паспортундагы “Улуту” деген графа ачык көрсөтүлүп, кайра калыбына келтирилсин. 7. Илим изилдөө, билим берүү, маданият тармагына мамлекеттик маани берилип, атайын Концепция иштелип чыгып, коомдук талкуудан соң кабыл алынсын. 8. Кыргыз Республикасындагы кен байлыктарды иштетүү тармагын инвентаризациядан өткөрүп, өндүрүлгөн продукциянын 51% тен кем эмес бөлүгү келишимдердин негизинде Кыргызстандын пайдасына калгандай шарт толук кандуу киргизилгенге чейин консервацияга алуу тартиби мыйзам түрүндө киргизилсин жана чечим кабыл алууда ачык-айкындуулук, жоопчоттуулук тартиби күчөтүлсүн.  9. Бийлик акыркы жылдары жемкорлукка каршы күрөшүүнү саясий атаандаштарын ооздуктоонун куралына айландырып, тандалма жүргүзүүнү улантып жатканын, бул маселе саясий топтордун ортосундагы соодага айланып бараткандыгын айыптайбыз. Чыныгы жемкордукка барып, мамлекеттик мүлктү талап тоногондорду камоо менен гана чектелбестен, каражаттар бюджетке кайтарылып, экономиканы көтөрүүгө, элди жумуш орундар менен камсыз кылууга басым жасалсын.  10. Кыргызстан – геосаясий жайгашкан орду боюнча өзгөчө аймак. Андыктан , дүйнөлүк коомчулукта тарыхый-ыйык жерлердин, ак мөңгүлүү тоолордун, таза аба, тунук суулардын мекени катары экологиялык булганбаган аймак, жаңжалсыз чөлкөм статусуна ээ болуу аракети жүргүзүлсүн. 11. Мамлекеттик чек ара маселеси ачык, так, калыс чечилип, жетиштүү каражаттар бөлүнүп, мекендин чеги көздүн карегиндей кароого алынсын. 12.Мамлекетик деңгээлде экономика, экология, азык-түлүк, идеология, маалымат жаатындагы коопсуздук маселелери кылдат изилденип, аларды улуттук кызыкчылыкка ылайык чечүүнүн ыкчам аракеттери көрүлсүн. 13. Миграция жана КРнын атуулдугуна кабыл алуу маселесин жөнгө салган мыйзам-эрежелерди кучөтүү, айрыкча кытай жарандарын Кыргызстанга киргизүүгө чектөө киргизүү сунушу колдоого алынсын. 14. Мамлекеттик кызматтарга таза, билимдүү, адискөй адамдардын келиши үчүн зарыл болгон мыйзамдуу шарттар түзүлсүн жана Люстрация мыйзамы кабыл алынсын. 15. Тарыхый жер болгон Кошой Коргонду мындан ары “Кошой Ордосу” деп атоо сунушу колдоого алынсын жана бул маселени мыйзамдаштыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар менен иш алып барылсын. Үч жылда бир жолу Эгемендик майрамынын алдында Кошой Коргон -Чеч Дөбөдө элдик жыйындарды өткөрүп туруу сунушу жактырылсын. 16. Кабыл алынган чечимдерди турмушка ашыруу максатында Чеч Дөбө кеңешинин туруктуу иш алып барган Катчылыгы түзүлсүн жана ага дубандардан, кыргыз урууларынан, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынан, улуттук-мекенчил багытта иш алып барышкан уюмдардан жана жеке адамдардан өкүлчүлүк кирсин.  17. Бул Чечим жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын жана мамлекеттик бийлик бутактарына жөнөтүлсүн.

Ат- Башы району, Чеч Дөбө- Кошой Коргон, 21.08.19

Кадыр Кошалиев, тележурналист

Последние новости