www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индия акыркы бир жылда өзүнүн ядролук дүрмөттөрүнүн санын көбөйткөн. Бул тууралуу Стокгольмдогу Тынчтык маселелерин изилдөө боюнча эл аралык институтунун (SIPRI) 2026-жылкы отчетунда айтылат.
Отчетко ылайык, Индиянын ядролук дүрмөттөрүнүн саны 2025-жылдагы 180ден 2026-жылы 190го жеткен. Ошондой эле өлкө өзүнүн ядролук күчтөрүн модернизациялоону улантып жатканы белгиленет.
Отчетто Пакистандын ядролук программасына да өзгөчө көңүл бурулган. Анда Исламабад ядролук курал жеткирүү системаларын өркүндөтүп, жаңы каражаттарды иштеп чыгып жана сыноодон өткөрүп жатканы айтылат. SIPRI эксперттери Пакистандын ядролук потенциалы жана дүрмөттөрүнүн саны кийинки он жылдыкта олуттуу өсүшү мүмкүн деп эсептешет. Бул божомол Пакистандын деңиз флоту үчүн баллистикалык ракета алып жүрүүчү суу алдындагы кемелерди куруу программасы менен байланыштуу экени белгиленген.
Ошондой эле дүйнөдөгү негизги ядролук державалардын арсеналдары боюнча жаңыланган маалымат берилген. 2026-жылы Россияда 5 420, АКШда 5 042 ядролук дүрмөт бар. Кытай 620 дүрмөт менен өсүштү көрсөтүүдө. Францияда 370, Улуу Британияда 225, Пакистанда 170, Израилде 90, ал эми Түндүк Кореяда болжол менен 60 ядролук дүрмөт бар экени көрсөтүлгөн.
SIPRIнин эсептөөлөрүнө ылайык, дүйнөдө жалпы ядролук дүрмөттөрдүн саны 2025-жылдагы 12 241ден 2026-жылы 12 187ге азайганы менен, ири мамлекеттер өзүнүн ядролук күчтөрүн модернизациялоону улантып жатышат.