www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Якутиянын өкмөтү отставкага кетти

Айсен Николаев Якутиянын өкмөтүн отставкага кетирди. Бул тууралуу Республикалык өкмөттүн төрагасынын орун басары Ольга Балабкина Telegram-баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн төрагалыгына жана анын орун басарларына, ошондой эле министрлерге талапкерлер эки жуманын ичинде республиканын парламентинин кароосуна киргизилет.

Белгилей кетсек, Айсен Николаев Якутиянын башчысы кызматына 27-сентябрда расмий түрдө киришкен.

 

Якутиянын башчысы кызматка киришкенден кийин эки күндүн ичинде министрлер кабинети отставкага кетиши керек. 28-сентябрдан тарта өкмөт мүчөлөрү жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин милдетин аткаруучу статусунда иштешет.

Эки жумада Айсен Николаев республикалык парламентке премьер-министрдин жана анын орун басарларынын, ошондой эле бир катар негизги министрлердин кызматына талапкерлерди киргизет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости