www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыйлаба, коркпо, сураба... Же сезимсиздиктин наркы

Эмоцияга толук көзөмөл жүргүзө билүү көпчүлүк адамдардын каалоосу экендигин билесизби?

Ал каалоо: жашоонун кыйынчылыктарын туруктуулук менен көтөрө билүү, жан кыйнаган азаптарды сезбей, тагдырдын жана адамдардын соккусу алдында сынбаш керектиги, «ок өтпөгөн» жүзү бар, жеңилбес самурай болуу. Сезимге алдырбоо... Эмоциясыз жашоо абдан пайдалуу! «Жеке сезимдерге орун жок, бир гана бизнес!» деп коюп, камырабастан иш жүргүзүү. Логикага таянуу менен өз жашооңду уланта бер. Маанилүү, керектүү жана туура делген нерселерди жасаш керек. Туура деп табылган окуу жайга тапшырып, керектүү кишиге турмушка чыгып, маянасы жакшы жерге жумушка орношуу керек... Баары жайында болсо, жан дүйнөдөгү кусалык анда кайдан пайда болду?!

Эч нерсе толтура алгыс көөдөндөгү боштук... Бул жетишпестиктин, жалгыздыктын сезими. Сезими жоктуктун баасы бийик жашооң жарым-жартылай гана бардай туюлат. Капыстан үндөр жана жыттар жоголуп кеткендей. Мурда бар болсо, азыр жоктой. Жашаса болот, бирок эмнегедир бир нерсе дайыма жетишпейт. Денеңдин кайсыл бир бөлүгү тоңуп калгандай...

Сезимди жок кылуу адамга ар кандай куракта келет

Кимдир-бирөөгө бала чагында дегендей. Сезе билүүнү токтотуп, катып калуу-бала үчүн түзүлгөн кырдаалдан чыгып кетүүнүн жалгыз гана мүмкүнчүлүгү болуп калат. Жүрөктү жарып жиберчүдөй болгон оорудан, кайгыдан алысташ үчүн бала сезимдердин «үнүн азайтып», аны өмүр бою дал ушул абалда калтырат. Коопсуздук үчүн. Бала чоңоет, жашоодо бардык нерсеси жетиштүү болгону менен эч качан канааттануу ала албайт, анын жашоосу толбойт. Ал дайыма изденип жүрөт. Бир күнү ал өзүнүн жоготкон бөлүгүн таба албастыгын түшүнүп, кичинекей нерсеге кубануу, канаат алуу, чын дилден каалоо сезимдерин кашыктап чогулта баштайт. Сезимдерди өчүрүү, өзүнүн ички туюмдарын алыс бир жакка «бекитип салуу» -жүрөк сыздаткан азапка, жоготууга, көңүл калууга реакция катары бир гана балачакта эмес, адам жетилген куракта да келет. «Мен эми эч качан эч кимди сүйбөйм, эч кимге ишенбейм! Болду, жетишет!» -дешет адамдар андайда... Анан ал өзүн өзү коргоп, сезимдерге жол бербей, скафандрдын ичиндеги жашоосу башталат. Жан дүйнөсүндө болсо боштук жана боштук... Арабыздагы көпчүлүк адамдар сезим зонасына кирбей, ички тугомдарды баштан кечирбеш үчүн бир топ амалдарды үйрөнүп алышкан: бат алаксып, маанилүү болбосо деле бирдемелерди жасоого киришүү, айлана эмне болуп жатканын түшүнбөй туруп өткөрүп жиберүү, көңүлдү башкага буруу менен ызы-чуу нерселерге аралашып кетүү. Бул күчтүү эмоциялар менен бет келишпей, өзү үчүн маанилүү делген маселелерди чечпей турганга мүмкүнчүлүк түзөт. Коомдо «канчалык иш менен алагды болсоң ,ал депрессияга каршы мыкты дары» деп айтылып келет. Көп адамдар «керексиз ойлорго» убакыт калбашы үчүн, баңгизатынан көз каранды сыяктуу ойлонбой иш жасаган бир абалга кептелишет. Ичиш керек. Жеш керек. Тамеки чегиш керек.. Бардык көз карандылык алкоголизм, тамеки чегүү, ашыкча тамктануу адам аңдап билгиси, сезгиси келбеген эмоциялардан коргоочу көнүмүш механизмдер. Бирдеме сатып алуу. Кезектеги «керектүү буюмга» алаксуу.Аз гана убакыт болсо да эмоциялык ачкачылыкты жана дүрбөлөң сезимди «тамактандыруу».., Секс менен алек болуу. Бул учурда адамдын өзүнүн жана анын өнөктөшүнүн денеси жөн гана манипуляциянын обьектиси катары кабылданат. Бул процесстеги экинчи адамдын ролу өтө аз маанилүү ал жөн гана тынчтануу үчүн кабыл алынган баңгизат сыяктуу...

Агрессия аркылуу коркунучка, кылган күнөөсүнө жооп кайтаруу

Агрессия чыңалууну азайтып, ичтеги букту чыгарып алууга жардам берет, бирок көйгөй чечилбей кала берет. Бардык энергия жокко чыгат. Организмге кирген зыяндуу микробдорду жок кылуу үчүн дене табы көтөрүлгөн сыяктуу эле, алдыда турган көйгөйдү чечүү үчүн психика чыңалууну жаратат. Бирок, энергия тапшырманы аңдап-билүү жана аны чечүү үчүн пайдаланылбай, агрессия аркылуу жок кылынат. Жаңы приступка чейин... Сезимдерди жок кылуу адаты - бара-бара адамдын психикалык коркунучту тааныбай калышына алып келет. Анын дарыга, тамак-ашка, тамекиге, сгшрт ичимдигине болгон суроо-талабы өсөт. Айрым учурда адам өзүнүн жеке дүрбөлөң сезимин да уга албай турган абалга кептелет. Алар үчүн баары жакшыдай сезилет, жөн гана ичкиси, жегиси келет, жеке өзүнүн дүрбөлөң ойлорун, сезимдерин уга алышпайт. Андыктан, өздөрүнүн абалын өзгөртүүгө алардын күчү да, кудурети да жетпейт.

Биздин реакцияларыбыз бир гана психиканын реакциясы эмес, дене-түзүлүшүбүздүн да реакциясы

Кандай гана эмоция болбосун, ал денедеги түрдүү сезимдер менен коштолот. Адамдын денеси ар бир баштан кечирген эмоцияга катышат. Психиканы басаңдатуу менен, биз денени бул эмоцияны эки эселеп өзү жалгыз көтөрүүгө мажбурлайбыз. Ошентип психосоматикалык симптом пайда болот. Эгерде адам эмоцияны психика аркылуу өткөрбөсө, аны денеси аркылуу сезүүгө, өткөрүүгө туура келет. Бардык психосоматикалык симптомдор бул четке сүрүлгөн, «чечилбеген» эмоциялар. Бул көрүнүш улам кайталана берсе, психосоматикалык оорулар жаралат. Дарыгерлер психосоматикалык оорулардын тизмесин бөлүп көрсөтүшөт: гипертониялык оорулар, жүрөк оорусу, бронхиалдык астма, ашказандын жана он эки эли ичегинин жарасы, гипертиреоз, кант диабети. Бул ооруларда психосоматикалык фактор алдыңкы катарда турат. Айрым учурда эмоциядан психологиялык коргонуу ушунчалык күчтүү болгондуктан, адам денеге да ооруганга мүмкүнчүлүк бербейт. Анда кайнап жаткан казандын капкагын жаап койгон сыяктуу, жарылуу болот. Иммундук тутумду кыйноого алуунун жана психологиялык көйгөйдүн натыйжасында организмде метаболизм бузулуп, инсульт, инфаркт жана онкологиялык оорулардын пайда болуу коркунучу жаралат.

Сезимсиздиктин баасы-өмүрдү жоготконго тете

Биз айланада эмне болуп жатканын көзүбүз менен көрүп, сезимибиз, туюмубуз аркылуу аңдап-билүү, сезүүгө ылайыкташып жаралганбыз. Бул биздин жөндөмүбүз жана муну бизден ажыратып кароо мүмкүн эмес! Биздин жаратылышыбыз ушундай. Биз сезип, туюп турганыбыз үчүн-биз тирүүбүз.

Булак: Майдан.kg

Последние новости