www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Минимализмдин артыкчылыктары

Минималисттик жашоо муктаж эмес нерселерден кутулуп, керек болгон нерселерге гана көңүл буруу дегенди түшүндүрөт. Төмөндө ага тиешелүү өзгөчөлүктөрдү санап көрдүк

  1. Аздын өзү көп

Минимализм менен жашоо жөнөкөйлөшүү дегендик. Азыраак тазалык, аз стресс, тыкан үй жана керексиз коротуулардан алыс болуу. Булар аркылуу жашоону түп тамырынан өзгөртүүгө болот. 

  1. Керектүүлөргө гана орундук берүү

Керексиз сурма жана шкафтардан кутулуу үйдүн кенен болушун шарттап, адамга тынчтык берет. Кластрофобиялык  эмоциялардан арылып, терең дем ала баштайсыз. Бөлмөлөрдү буюмга эмес, эсте каларлык нерселер менен толтуруңуз.

  1. Көбүрөөк эркиндик

Буюм топтоо сизди оордоштуруп, казык сымал ылдый тартат. Адамдардын көбү буюмдарын жоготуудан коркушат. Ошентсе да, аң-сезимдүү түрдө алардан кутулганда өздөрүн болуп көрбөгөндөй эркин сезе башташат. Сөз болуп жаткан минимализм менен дымак, карыз, амбиция жана ашыкча иштерден алыс жашоого мүмкүн.

  1. Ден соолукка кам көрүп, хоббилер менен алектенүү

Сиз жеткен эркиндик сизди көп убакыт менен камсыздайт. Бул убакытты мурда кылгыңыз келип, бирок эртеңкиге жылдырып жүргөн нерселерге жумшасаңыз болот. Элдин баары убакыттын жетпегенине нааразы. Ал эми сизге мүмкүнчүлүк келди. Ден соолугуңузга кам көрүп, кызыккан жаңы тармактарды өнүктүрүп, каалаган нерсеңизди кыла бериңиз.

  1. Кыймылсыз мүлккө азыраак көңүл буруңуз

Тегерегиңизде чогулткан бардык заттар негизи жөн эле убакыт коротуу, ичиңиздеги боштукту толтуруунун бир жолу... Акча бакытты сатып ала албайт, бирок комфорт түзө алат. Керектүү комфорт түзүлгөн соң, керексиз коротууларды токтотуу керек. Маалымат каражаттары адамдарды бир нерсе сатып алууга багыттайт. Сиз ага жол бербеңиз. Муктаж болгон нерселерди гана алып, акчанын эмес бакыттын артынан түшүңүз.

  1. Көбүрөөк бейпилдик

Материалдык нерселерге байлануу тынымсыз стресске алып келет. Анткени, бир нерсеге ээ болуу аны жоготуп алуу коркунучун дайым жанында алып жүрөт. Жашоону жөнөкөйлөштүрүү менен мындай керексиз санаалардан арылып, мурдагыдан тынч, бейпил жашоого өтөсүз. Санаага салчу нерселер канчалык аз болсо, башыңыз ошончолук бейпилдикте болот.

  1. Көбүрөөк бакыт

Керексиз нерселерди жашоодон алып салганда бакыт өзү келет. Жашоо-турмуштун чыныгы маңызын терең байкап, буюмдардын ордуна өзүңүзгө көңүл бура баштайсыз. Ыксыз шашмалыктан баш тартып, бакыттын даамын сезүү алдаганча пайдалуу эмеспи...

  1. Ийгиликсизден азыраак коркуу

Буддист кечилдерди алсак, эч нерседен коркпогондой көрүнүшөт. Чын эле ошондой, анткени алардын жоготуп ала турган бир нерсеси жок. Жоготуп алуудан корккон жалгыз нерсе жакшы көргөн адамдарыңыз болсун.

  1. Көбүрөөк өзүңө болгон ишеним

Минимализм менен жашоо образы индивидуалдуулук жана өзүңө болгон ишенимди өнүктүрөт. Бул  болсо, алдыга карай күчтүү кадам таштаганга жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости