www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыйлаган ден соолукка пайдалуубу?

«Деги ушунун жашы тыйылбады!» – деп урушуп калабыз тынымсыз ыйлаган балдарды. Көрсө, көз жаштын да ден соолугубузга тийгизген пайдасы зор экен. Көз жаштын негизги максаты – көздү ар кандай зыяндуу бактериялардан коргоо.Жаштын курамы 98 пайыз суудан, калганы ар кандай туздан, минералдык заттан жана «лизозим» деген ферменттен турат. Лизозим ферменти кадимки дезинфекциялоочу заттардан да күчтүү болуп, көптөгөн микропторду жок кылганы менен, көзгө эч кандай зыян келтирбейт. Айта кетчү дагы бир нерсе – адам коркуп, кайгырып же ызаланып ыйлагандагы көз жаштын курамындагы туздун өлчөмү, сүйүнгөндөн улам чыккан жаштыкына караганда, бир кыйла көп болот. Ал эми ушул эле көз жаш айрым жаныбарларда бир аз башкачараак функцияны да аткарып каларын төмөнкү окуядан билүүгө болот: Деңиз аңчылары бир зор ташбака кармап алышкан эле. Бир канча убакыттан кийин анын тынбай ыйлап жатканын көрүп, аны аяп, кайра деңизге коё беришкен. Себеби, алар ташбаканын деңиз суусунан алынган ашыкча тузду көз жашы аркылуу чыгарарын билишкен эмес эле. Ошондой эле, орус тилинде «крокодилдин көз жашын агызба» деген туруктуу сөз айкашы бар. Бул сөздүн мааниси – «көз жашың эч кандай сезимди билдирбейт» дегенди түшүндүрөт. Себеби, крокодилдин көз жашы дагы кайгыргандан эмес, денесиндеги ашыкча туздан арылуу максатында чыгат.

Ал эми жер жүзүндө жашаган адамдардын төрттөн бир бөлүгү –мийоп (узакты көрө албайт) менен жабыркашат. Ушул күндөрдө 100 миллионго жакын америкалык көз айнек же линза тагынышат. Жылына 100 миңдей америкалык көз дартына дуушар болушат. Кызыгы, аялдардыкына караганда эркектердин көздөрү бир аз чоңураак, ал эми эркектердикине караганда аялдардын көздөрүнүн агы көбүрөөк болот.

Булак: insan.kg

Последние новости