www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы тапта, биз жашап жаткан күндө, интернет деген азгырыктын ааламына кирбеген чанда болуп калды. Бул ириет ошол «азгырыкты» аңтарып олтуруп, улам-улам ушул макала көзгө урунуп туруп алды. Анда, келиндердин орду жөнүндө кеп козголуп, аларга тиешелүү илгертен келе жаткан эрежелер да тизмектелип, деги койчу баары айтылыптыр.
Алардын айрымдарына көз чаптырсак:
Келин- кайната-кайненесинин, ошондой эле жолдошунун улгайган туугандарынын жолун кесип өтпөшү керек. Бул аларга болгон сый-урмат.
Келин- кайнанатасына эч качан далысын салган эмес, кайнатасынан алыс олтурса да ал тарапка карап бурулган эмес. Ыймандуу келин деги эле кайын-журтуна тик карап сүйлөчү эмес.
Келин- барган жеринде төргө олтурбайт. Бирок, кыз бала төркүнүнө барганда албетте төрдө олтурушу керек.
Келин -кайнатасынын жана аны менен бирге улуу кайындарынын атын атабайт, тергеп айтыш керек аларды.
Келин- кайындарынын жанында катуу каткырып күлбөш керек. Бул анын ыйманынан кабар берет.
Келин- кайындарынын жана төркүнүнүн көзүнчө бала эмизбейт. Өзүнчө бөлмөдө баласына эмчек бериши абзел.
Келин-кайнатасы олтурган орунга олтурбайт, кийимдерин тебелеп же аттабайт. Тамакты сол кол менен сунбайт, ал сыйлабастык. Кетик идишке тамак куйбайт, себеби мындайда ырыскысы кемийт деген түшүнүк болгон.
Келин- үйгө келген коноктор менен босогодо туруп учурашпайт жана коштошпойт.
Мына ушундай көптөгөн насаат кепти окуп олтуруп ушул насааттар азыр сакталганбы деген ой көөдөндү уйгу-туйгу кылат. Себеби жакшы салт, жакшы насаат жакшы жолдорго гана алып барбаса жамандыкка алып барбайт да.
Айкүмүш ЖОЛДОШБЕКОВА
Булак: "Айгай"