www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ыйман Нуру" саясий партиясынын лидери Айбек Осмонов кайрылуу жолдоду:
«Ыйман Нуру» саясий партиясынын лидери катары мен саясий кеңештин төрагасы катары ыйгарым укуктарымды токтотуу жөнүндө чечим кабыл алдым. Мен кызматтан кетүү арызымды тапшырдым. Демек, бул кадам алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетим жок экенин билдирет.
Партиянын өзүнө келсек, саясий кеңештин мүчөлөрү Ыйман Нуру шайлоого катышат деген чечимге токтолду. Кесиптештеримдин чечимин депутаттыкка талапкер болгон кандидаттар колдогону урмат-сыйга арзыйт.
Мен өзүм үчүн депутаттык мандатсыз эле элге жана Кыргызстанга пайда келтире алам деген ойго келдим. Менин келечекте, өлкөбүздү өнүктүрүү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң пландарым бар.
Ыйман Нуру партиясына ийгилик каалайм.
Урматым менен, Айбек Осмонов
Булак: Nazar News.kg