www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жалпы аянты 26,43 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн каржылоо, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында — К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо максатында бизнес чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрүнөн акча каражаттарын опузалап алуу фактылары аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларнын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагында жана Кант шаарында жайгашкан жалпы аянты 26,43 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК тарабынан, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралары уланууда. 

Последние новости