www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Тоң райондук башкармалыгы тарабынан Бөкөнбаев айылын дизайн-код талаптарына ылайык иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Тоң райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жергиликтүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Бөкөнбаев айылынын борбордук көчөлөрүн иретке келтирүү иштерин аткарууда. Атап айтканда, дизайн-код талаптарына жооп бербеген жана эскирген коммерциялык объектилердин башкы фасаддарында орнотулган баннердик көрнөк-жарнактарды алып салуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата 21 баннердик көрнөк-жарнак алынды. Мындан тышкары, көчмө комиссия тарабынан айыл көчөлөрүндөгү кызыл сызык жана курулуш сызыгынан чыгып кеткен курулмаларды алуу боюнча объект ээлерине эскертүүлөр берилди.

Башкармалык тарабынан дизайн-код талаптарын сактоо жана мыйзамсыз курулмаларды алдын алуу боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Маалымат үчүн: Дизайн-код - бул аймактын архитектуралык көрүнүшүн, көчө-жол тармагын, коомдук жана турак жай объекттерин бирдиктүү стилистикалык багытта өнүктүрүүнү камсыздаган документ.

Последние новости