www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев автомектептердин иши толугу менен реформаланып жатканын билдирди.

"Жеке автомектептеринин өкүлдөрүнүн нааразычылык жыйынын интернеттен көрдүм. Ошол тууралуу жооп берип коеюн.

Эми жашырбай эле ачык моюнга алалы. Буга чейин ошол жеке мектептерде айдоочулук күбөлүктөр сатылып келген. Анын кесепети, миңдеген жол кырсыктарынын себеби болду.

Кечээ эле жөнөкөй жол талаштан бир адамдын өмүрү үзүлдү, бул айдоочулук маданиятты бербеген, жоопкерчиликсиз окутуунун кандай оор кесепетке алып келерин дагы бир жолу көрсөттү.

Бүгүн жолдо болуп жаткан көрүнүштөрдү ачык айтууга убакыт келди. Бул башаламандык. Канчалаган адамдар жол кырсыгынан каза болду, канчасы өмүр бою майып болуп калды. Ар бир кырсыктын артында сынган тагдыр, ыйлаган ата-эне, жетим калган бала турат.

Жол кырсыктары боюнча 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр өсүп, адам өлүмү да көбөйдү. Бул кокустук эмес. Бул тармакта жылдар бою көз жумуп келген системанын жыйынтыгы.

Бүгүн айрым жеке автомектептердин ээлери унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүүчү мамлекеттик органга келип, «бизди эч ким эскерткен эмес», «эмне үчүн лицензиябыз алынууда» деген дооматтарды айтып жатышат. Бирок бул чындыкка дал келбейт.

Биз бардык жеке автомектептердин жетекчилерин «Ынтымак Ордого» чогултуп, бул багытта жүргүзүлө турган реформалар тууралуу алдын ала так жана ачык эскерткенбиз. Ошондуктан бүгүн «уккан эмеспиз» деген жүйө кабыл алынбайт.

Биз жеке автомектептер кандай окутуп келгенин жакшы билебиз. Бүгүн анын кесепетин бүтүндөй коом сезип жатат. Курсанттар теориялык экзамендерден бир нече жолу өтө албай жатышы бекеринен эмес.

Көпчүлүк айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин элементардык деңгээлде да билишпейт. Айрымдары жол белгилерин тааныбайт, артыкчылык кимде экенин түшүнбөйт. Айдоочулук жөн гана рул кармоо эмес, бул чоң жоопкерчилик.

Биз рулга отурганда өз өмүрүбүз үчүн гана эмес, жолдогу ар бир адам үчүн жооп беребиз. Жаныбызга эң жакын жана кымбат адамдарыбызды, үй-бүлөөбүздү салабыз жолго чыгабыз.

Биз бардык жеке автомектептерди же бардык мугалимдерди жамандап жаткан жокпуз. Бул тармакта чындап эле ишине жан-дили менен берилген, айдоочулук маданиятты, жоопкерчиликти үйрөткөн татыктуу адистер бар.

Реформалар бирөөнү четке кагуу үчүн эмес, системаны тазалоо үчүн жүргүзүлүүдө. Татыктуу автомектептердин мугалимдери жана адистери мамлекеттик окутуу системасына тартылат. Алар мамлекет үчүн иштеп, өз тажрыйбасын элдин коопсуздугу үчүн жумшай алышат.

Ушул максатта унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү системасын толугу менен реформалоо иштери башталды. Бул реформанын эң маанилүү бөлүгү айдоочуларды окутуу системасы. Мындан ары курсанттарды мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана окутат.

2026-жылдын февраль айынын орто ченинен тартып, жаңы бекитилген окуу стандартына ылайык жаңы окутуу планы менен заявкалар кабыл алына баштайт.

Бул реформалар кимдир бирөөгө каршы эмес. Бул адам өмүрүн сактоо үчүн жасалып жаткан чечим. Бул башталышы гана. Алгач оор болушу мүмкүн, бирок тартип сөзсүз орнойт. Жооптуу органдын имаратынан тартып материалдык базасына чейин жаңылоо иштери жүрүп жатат. Сабыр кылсак, жыйынтык болот. Айдоочууларды даярдоону бизнеске айлантып, күбөлүк сатуу менен акча жасагандарга бул кадамыбыз жакпай жаткандыр, аларга айтып коеюн: даярдыгы жок рулга отуруп, кырсыкка учурап, өз өмүрү кыйылып, башкалардын өмүрүн алган кайгылардын жоопкечилиги так ошол күбөлүк саткандардын абийиринде. Статистиканы караныздар, жол кырсыгынан жүздөгөн, миңдеген адамдар набыт болууда. Ата-энелер мектепти бүткөн балдарына унаага кошуп айдоочулук күбөлүк белек кылып, ал балдары бейкүнөө адамдарды тебелеп өлтүргөн кырсыктар канча катталды?

Мындан ары, мамлекет айдоочуларды унааны эле эмес, унаа айдоонун маданиятын, сабырдуулукту, унаа тууралуу түшүнүк, дегеле айдоочу кабыла турган бардык тобокелчиликтерге жооп бере тургандай системаны орнотобуз.

Ооба, буга чейин айдоочулук күбөлүк сатып бизнес кылгандарга биз жакпай жатабыз. Алар, баягы эле “жалданма” журналисттердин кызматын пайдаланып материал даярдатып, коомдун башын айлантууга далалат кылышууда. Мамлекет коррупциялык элементтерди, сатып алууларды токтотуп, реформасын аягына чыгарат. Мыйзам чегинде жана жогорку талаптар менен окутуп, рулга отурууга чейин тийешелүү деңгээлде даярдоого шарт түзөбүз", - деди Туманбаев.

Последние новости