www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Манас районунда учурда 5 ири өндүрүштүк ишкана иш алып барууда. Алардын бири — «Адис нан» ишканасы. Ишкана 2023-жылы 150 чарчы метр аянтта ачылган. Бүгүнкү күндө кошумча 3000 чарчы метр өндүрүштүк жай курулуп, заманбап техникалар орнотулууда.

Өндүрүштүн кеңейишине мамлекет тарабынан арзан пайыздуу насыя берилген. Натыйжада, мындан ары бул жерде нан азыктары менен катар тез татым тамактары да даярдалмакчы.

Чек арага чектеш Манас районунда мындай өндүрүштүк ишканалардын көбөйүшү жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууга чоң салым кошуп жатат.

Последние новости