www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 30-декабрында Москва РИИБге 1994-жылы туулган Ш.А., аттуу жаран, арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүнө ылайык, белгисиз адамдар ишенимине кирип, алдамчылык жол менен «Telegram» тиркемеси аркылуу акча каражаттарын көбөйтүп берүү шылтоосу менен 2025-жылдын 27-декабрынан 29-декабрына чейинки мезгилде анын 152 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жабырлануучуга олуттуу материалдык зыян келтирилген. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-1-беренеси (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган Ч.Б. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал мурда “Оптима Банк” тарабынан берилген банк картасын каттатып, анын маалыматтарын «Telegram» аркылуу үчүнчү жактарга өткөрүп берген. Аталган банк картасы алдамчылар тарабынан жабырлануучунун акча каражаттарын ээлеп алуу үчүн пайдаланылган. Муну менен жаран Ч.Б. өзүнүн интернет-банкингине бөгөтсүз кирүү мүмкүнчүлүгүн бөтөн адамдарга берген, бул да кылмыш жоопкерчилигин жаратат.

Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык жаран Ч.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

Чүй облусунун ИИББ жарандарга эскертет: SIM-карталарды, банк карталарын жана башка электрондук төлөм каражаттарын үчүнчү жактарга берүү мыйзам тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 

Последние новости