www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда 27-январда жергиликтүү сотторго биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалган судьялар ант беришти.
Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө КРнын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыктары чыкты жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго дайындалышты:
Ош облусунун Араван райондук сотуна Акылбекова Айжамал Акылбековна;
Ош шаардык сотуна Джамбурчиева Каныкей Аширбековна менен Маданбекова Лира Орумбековна;
Өзгөн райондук сотуна Рыскулов Асхат Жаңыбаевич;
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотуна Сарыбаев Самарбек Назарбекович дайындалды.
Жогорку соттун төрагасы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында шайланган же дайындалган судьялардын ыйгарым укуктары алар тарабынан ант берүү күнүнөн баштап күчүнө кирет.