www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын тургуну, 60жаштагы жолдошу киши колдуу болуп өлгөнүн билдирип милицияга арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Тергөөдө аныкталгандай, 22-январь күнү болжол менен саат 14:20 чамасында экөөнүн ортосунда мурдагы келишпестиктерден улам чыр чыгып, анын натыйжасында М.М. ашкана бычагы менен бир тууган инисинин көкүрөк тарабына бир жолу сайып жиберген. Алган жараатынан улам жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Шектүү 70 жаштагы М.М. Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, айыпталуучу катары жоопко тартылып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери улантылууда.

 

Последние новости