www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы №261 Жарлыгына ылайык, Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында өндүрмөлүк балык уулоого убактылуу мораторий киргизилди.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 21-июлунан 2029-жылдын 21-июлуна чейин аталган көлдөрдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга тыюу салынат.

Бул чечим көлдөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, балык ресурстарынын табигый көбөйүшүнө шарт түзүүгө жана өлкөнүн суу экосистемаларын коргоого багытталган.

Жарлык 2026-жылдын 21-июлунан тартып күчүнө кирет.

Последние новости