www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Жаш Гвардия бульварында муниципалдык автобус катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы каралды.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында транспорт комплексинин ишине көзөмөл жүргүзүүдө бир катар кемчиликтер аныкталганы белгиленди.
Тактап айтканда, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчилигинин жана «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын ишинде көзөмөлдүн жетишсиздиги аныкталган.
Мэр Айбек Джунушалиев мындай учурларда күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу менен гана чектелбестен, кырсыктын келип чыгышына шарт түзгөн системалык себептерди жоюу негизги милдет экенин белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында транспорт комплексине көзөмөлдү күчөтүү, электрондук жол баракчасын киргизүүнү тездетүү жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу тапшырылды.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында мэрдин орун басары Рамиз Алиевге жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланды.
Ал эми департаменттин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жана «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Мындан тышкары, Транспорт департаментине Талантбек Капаровго байланыштуу кийинки кадрдык чечимдерди эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык кароо тапшырмасы берилди.