www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкцияларды алып салуу иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 13–14-июль күндөрү Бишкек шаардык мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Свердлов районунда рейд өткөрдү. Иш-чаралар Чүй проспектисинин Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлгөн.
Рейддин жыйынтыгында талаптарды бузуу менен орнотулган 36 жарнамалык объект демонтаждалды. Алардын катарында жарнамалык баннерлер, көлөмдүү тамгалар, соода жайларынын аталыштары жазылган көрнөк-жарнактар жана Бишкек шаарынын дизайн-кодунун талаптарына жооп бербеген же архитектура тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын макулдугусуз орнотулган башка жарнамалык-маалыматтык конструкциялар бар.
Мэрия соода объектилеринин ээлерин жана ишкерлерди көрнөк-жарнактарын жана жарнамалык конструкцияларын белгиленген талаптарга өз убагында ылайык келтирүүгө жана мыйзам талаптарын сактоого чакырды.