www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында «Шоро» компаниясынын уюштуруусунда, Кыргыз футбол биримдигинин колдоосу менен өткөн Legend Fan Festival ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Футбол боюнча FIFA 2026 Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин чоң экрандан көрүү үчүн борбордук аянтка миңдеген күйөрмандар чогулду. Бишкектиктер жана шаар коноктору Аргентина менен Испаниянын финалдык оюнун түз эфирде көрүп, дүйнөлүк футболдун майрамдык атмосферасына күбө болушту.

Фан-зонада орнотулган заманбап LED-экран жана күчтүү үн жабдуулары беттешти жогорку сапатта көрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Финалга чейин көрүүчүлөр үчүн концерттик программа уюштурулуп, анда Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток жана белгилүү ди-джейлер өнөр көрсөтүштү. Ошондой эле интерактивдүү аянтчалар иштеп, өнөктөштөрдүн белектери ойнотулду.

Иш-чара учурунда коомдук тартип жана коопсуздук укук коргоо органдары тарабынан камсыздалып, медицина кызматкерлери үзгүлтүксүз нөөмөттө турушту.

Кыргыз футбол биримдиги иш-чаранын уюштуруучусу болгон «Шоро» компаниясына, өнөктөштөргө, мамлекеттик кызматтарга жана фестивалга катышкан бардык күйөрмандарга ыраазычылык билдирди.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, Legend Fan Festival Кыргызстандагы футбол сүйүүчүлөрүн бир аянтка чогултуп, дүйнө чемпионатынын финалын майрамдык маанайда чогуу көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн өзгөчө спорттук иш-чара болду.

Последние новости