www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы Тарсус көчөсү, 68 дарегинде курулуп жаткан объектте шаар куруу мыйзамдарынын одоно бузулушу аныкталып, курулуш иштери токтотулду.

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы жүргүзгөн пландан тышкаркы текшерүүдө курулуш, анын ичинде тереңдиги 7 метр болгон жер казуу иштери бекитилген долбоордук-сметалык документтери жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок башталганы аныкталган.
Мындан тышкары, курулуш аянтында коопсуздук талаптары сакталган эмес.

Кооптуу аймак коргоочу тосмо жана жарыктандыруу менен камсыздалбай, казуу иштери турак үйдүн пайдубалына жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймакка өтө жакын жүргүзүлгөнү белгиленди.

Аталган мыйзам бузууларга байланыштуу «С.С. Строй» ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Учурда объекттин айланасын бүтүн металл тосмо менен тосуу, коопсуздукту камсыз кылуу жана казылган чуңкурдун капталдарын бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Последние новости