www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурушуп, айым кесиптештерин куттукташты.
Салтанаттуу күнү милиционерлер медициналык кызматтын дарыгерлерин жана медайымдарын, ошондой эле ведомстволук бала бакчанын тарбиячыларын да көңүл сыртында калтырышкан жок.
Облустук милициянын башчысы Орунбай Кочоров куттуктоо сөзүн сүйлөп, жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун коргоп, эркектер менен бирдей кызмат өтөп жаткан аял-милиционерлердин эрдигин жана жан аябастыгын өзгөчө белгиледи. Аларга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кызматында ийгиликтерди каалады.
"Аял көрсөткөн баалуулуктар – энелик, боорукердик, сулуулук жана камкордук – бардык убакта ошол бойдон кала берет. Бүгүнкү күндө аялдар ишмердиктин бардык чөйрөлөрүндө кесиптик бийиктиктерге жетип, коомдун жыргалчылыгы үчүн жемиштүү эмгектенишет, өз таланттарын көрсөтүшөт жана ар кандай тармакта жана багытта ийгиликтерге жетишишет. Урматтуу энелер, карындаштар, эжелер! Жаздын эң ыйык майрамы — Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыздар", – деп куттуктады адамзаттын сулуу жарымын Орунбай Кочкоров.
Майрамдык иш-чарада жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен аял-кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Ысык-Көл ОИИБдин сыйлыктары менен сыйланышты.