www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облустук прокуратурасы «Чыгыш электр» ачык акционердик коомуна караштуу Ысык-Көл райондук электр тармагынын (РЭТ) кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл РЭТтин кызматкерлери абоненттердин үйүнө электр энергиясын эсептөөчү жабдыктарды орнотпостон, жашоочуларды электр энергия берүүчү тутумдарга мыйзамсыз кошуп жана карызы көп абоненттердин карызын жашыруу максатында жаңы эсептөөчү жабдыктарды орнотушкандыгы аныкталган.

Мындан сырткары, адам жашабаган турак үйлөргө же пайдаланылбаган имараттарга электр энергиясын колдонду жана карызы көп деп иш кагаздарды түзүп, кийин карыздарды мыйзамсыз жоюшкан. Мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетке жалпы 2 млн 547 миң 744 сом зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости