www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Украинага гумжардам жөнөтөт

Казакстан Украинага 28 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Алматы – Катовице (Польша) каттамы боюнча гуманитардык жүктөрдү учак менен жеткирүү маселеси иштелип чыкты. 14-15-мартта Украинанын жарандарына гуманитардык жардам Алматы шаарынын аэропортунан эки каттам менен жөнөтүлөт”, - деп жазылат маалыматта.

Гуманитардык жардамдын жалпы салмагы 28,2 тоннаны түзөт. Жалпысынан дары-дармектердин 17 түрү: антибиотиктер, сезгенүүгө каршы, жөтөлгө каршы жана гипертонияга каршы дарылар жөнөтүлөт.

Буга чейин немис тараптын демилгеси менен Касым-Жомарт Токаев Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Сүйлөшүү учурунда Токаев Казакстан Украинанын жарандарына дары-дармек жана башка керектүү буюмдар менен гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин, учурда аны көздөгөн жерине жеткирүүнүн транспорттук жолдору каралып жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталган. Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө боюнча аскердик абал киргизип, Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялаган.

Орусиянын мындай аракети  БУУда жана дүйнөнүн көпчүлүк борборлорунда айыпталып, Орусияга каршы катаал санкциялар киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости