www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украинага карай согушунда жарадар болгон аскерлердин ооруканасына барып ал абалын сурап, жаракат алган айрым жоокерлерге наамдарды ыйгарды. Бул тууралуу украиналык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Владимир Зеленский аскерлер жаткан бир нече ооруканаларды кыдырган. Анда украинанын лидери "Эртерээк сакайып кеткиле. Баары үчүн эң жакшы белек - биздин биргелешкен жеңишибиз болот деп ишенем",- деп айткан.

Ошондой эле, президент Владимир Зеленский орус аскерлеринин согуштагы жоготуулары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготууларынан он эсе көп экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Орусиянын Украинага болгон аскердик операциялары 24-февралда башталган. Кечээ жакында Орусиянын 13 миңдей аскери, ал эми Украинанын 1300 аскери каза болгондугу айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости