www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн жээгинде алгачкы жолу Борбор Азия чемпионаты өткөрүлөт. 16-майдан 21-майга чейин Чолпон-Ата шаарында чөлкөмдүн эң мыкты спортчулары күч сынаша. Бул тууралуу Парус спорту федерациясынан билдиришти.
Мелдеш «Круиз» яхт-клубунун базасында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышат. Турнир Азия парус спорту федерациясынын (ASAF) жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен улуттук федерация тарабынан уюштурулууда.
Чемпионаттын программасы эл аралык беш класстагы жарыштарды камтыйт: балдардын «Оптимист» классынан тартып, жогорку ылдамдыктагы Fareast-23 килдик яхталарына чейин. Жыйынтыктардын калыстыгына Түркия, Россия жана Кыргызстандан келген эксперттерден куралган эл аралык калыстар тобу жооп берет.
Парус спорту федерациясынын президенти Канат Мамакеев мындай турнирдин өткөрүлүшү чөлкөмдөгү деңиз маданиятын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, чемпионат жаш спортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, коңшу өлкөлөр ортосундагы кесиптик кызматташтыкты чыңдайт.