www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-майда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында КР баатыры, эл жазуучу Бексултан Жакиевдин 90 жылдык мааракесине арналган театр жумалыгы салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданий иш-чара драматургдун кыргыз драматургиясында өзгөчө орунду ээлеген, улуттук театр искусствосунун шедеври катары бааланган белгилүү "Атанын тагдыры" спектакли менен башталды.

Белгиленгендей, эл аралык деңгээлде уюштурулуп жаткан бул жумалыктын алкагында автордун "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" жана "Күттүргөн жаз да келээр" спектаклдери коюлат.

Мындан тышкары, жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган китеп көргөзмөсү, эл аралык илимий-практикалык конференция жана чыгармачыл жолугушуулар өтүп, республикалык деңгээлдеги төкмө акындардын айтышы уюштурулат.

Маданий жумалыктын соңу 16-майда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң салтанат менен жыйынтыкталат. Анда Кыргызстан менен Казакстандын төкмө акындарынын жана искусство чеберлеринин эл аралык айтышы өтүп, эки элдин руханий байланышын даңазалаган өнөр таймашы болот.

"Бул жумалык – Бексултан Жакиевдин бай руханий мурасын кеңири жайылтууга жана кыргыз-казак элдеринин ортосундагы маданий көпүрөнү бекемдөөгө багытталган тарыхый окуя", - деп белгилешти министрликтен.

Эскерте кетсек, Бексултан Жакиевдин чыгармалары кыргыз театрына жаңы мазмун жана көркөм ой алып келген эмгектер катары алтын фонддо сакталып келет.

Последние новости