www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда ички иштер органдарынын кызматкерлери ири инфраструктуралык долбоорлордо эмгектенген чет өлкөлүк жарандардын арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, жумушчу визасы менен иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана миграциялык талаптарды аткаруу боюнча түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн өзгөчө экологиялык аймак экендиги эске алынып, чет өлкөлүк жумушчуларга айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу, жаратылышты коргоо жана экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр айтылууда.

Милиция мындай профилактикалык иш-чаралар мыйзамдуулукту камсыздоого, коомдук коопсуздукту чыңдоого жана экологияны коргоого багытталганын белгиледи.

Последние новости