www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Тоң районунда 13–14-июль күндөрү рейд өткөрүп, көлдөн жалпы узундугу 4 миң 100 метрди түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлорду алып чыкты.
Министрликтин маалыматына ылайык, рейд Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулган.
Иш-чаранын жүрүшүндө торлордон тышкары көлдөн 60 килограмм тиричилик таштандысы чыгарылып, акватория тазаланды.
Белгиленгендей, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ысык-Көлдө жалпысынан 79 рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 35 миң метрге жакын синтетикалык тор жана 1 тоннага жакын таштанды чыгарылган.
Министрлик мындай рейддер балык ресурстарын сактоо, мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана көлдүн экологиялык тазалыгын камсыз кылуу максатында туруктуу негизде өткөрүлүп жатканын билдирди.