www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон эки жаран изделүүдө

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон эки жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге 1-августта саат сегиздер чамасында Кызыл-Суу айылынын С.Г. аттуу 73 жаштагы тургунунун бут кийими Чоң-Кызыл-Суу суусунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Жети-Өгүз районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 дрон аппараты менен 15 куткаруучу, 14 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Учурда издөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле 29-июлдан бери Түп районунун Ынтымак айылынын тушундагы көлдүн жээгинде эс алып жүрүп, дайынсыз болгон Чүй облусунун 46 жаштагы М.С. аттуу жашоочусу изделүүдө.

Бүгүн ӨКМдин Каракол шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, 6 милиция кызматкери издөө жумуштарын жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости