www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун тургундарынын арасынан тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК менен Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү жактоочулары Ысык-Көл облусунун тургундары А.Ж.К. жана Б.И.С. аныкталды.
Алар Ысык-Көл облусунун Түп райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинде (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратууда) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.
Булак: NazarNews.kg