www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө кавалериялык взвод ишке кирди

Ысык-Көлдө туризм коопсуздугун жана экологияны коргоону күчөтүү максатында кавалериялык взвод ишке кирди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бүгүн, 9-июнда, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов жайкы туристтик мезгилге карата жаңы түзүлгөн 41 ат жана кызматкерлерден турган кавалериялык взводдун даярдыгын текшерди. Текшерүү учурунда кызмат өтөөнүн тартиби, ыкчам аракеттенүү жана туристтик аймактарда коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча конкреттүү нускамалар берилди.

Жаңы түзүлгөн кавалериялык бөлүк көл жээгиндеги жетүүгө кыйын аймактарда жана тоо аймактарында ыкчам патрулдук кызмат өтөөнү камсыз кылып, туристтердин коопсуздугун күчөтүүгө багытталган.

Ошондой эле, жайкы туристтик сезон учурунда ыкчам аракеттенүүнү жакшыртуу жана эс алуучуларга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү максатында алынган электр-мото скутерлер да толук текшерилип, расмий түрдө ишке киргизилди.

Бул техникалык жаңылануу жана жаңы түзүм Ысык-Көлдө туристтик мезгилде коопсуздукту жогорулатууга жана ыкчам кызмат көрсөтүүнү жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

Последние новости