www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл райондук соту кесиптешине бычак сайган салык кызматкерин бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Алгач тергөөдө Д.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштыктан улам адам өлтүрүү" беренеси менен айыпталган. Өкүмдү чыгарууда сот анын аракетин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Аффект абалында адам өлтүрүү" беренесине кайра квалификациялады.
"Белгилүү болгондой, Д.Б.нын аффекттик абалы тууралуу корутундуну экспертиза чыгарды. Жыйынтыгында ал бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, камактан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган окуя Ысык-Көл районуну Бактуу-Долоноту айылында 2022-жылдын сентябрь айында болгон. Алкоголдук ичимдик ичип отурган салык кызматкери кесиптешине бычак сайып жиберип, жыйынтыгында ал алган жаракатынан улам жан берген.
Булак: NazarNews.kg