www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын премьер-министри Фумио Кисида эл алдында сүйлөп жаткан жерде жардыруу болуп, өкмөт башчысы эвакуацияланганын NHK телеканалы билдирди.

"Эртең мененки саат 11:30да (Бишкек убактысы боюнча 8:30) премьер-министр Фумио Кисида Вакаяма шаарындагы Сайгасаки балык уулоо портун текшерип бүтүп, эл алдында сүйлөй турган учурда катуу жарылуу угулду", — деп айтылат маалыматта.

Бактыга жараша аткаминер жабыркаган эмес. Ал пландаштырылган иш-чараны токтотуп, Вакаяма шаардык полициясынын башкы кеңсесине эвакуацияланган. Кисида эл алдына кийинчерээк чыгуу үчүн жергиликтүү темир жол станциясына келген.

Күбөлөрдүн айтымында, премьер-министр эл алдына чыгаарда бир киши ал тарапка цилиндр түрүндөгү кара нерсени ыргытып жиберген. Полиция аны дароо кармап, бир нече секунддан кийин жарылуунун үнү угулган.

Алдын ала маалымат боюнча, окуяда эч ким жабыркаган эмес.

Өткөн жылы Япониянын мурунку премьер-министри Синдзо Абэге да кол салуу болуп, тилекке каршы, ал көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости