www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фархат Исмаилов качан мандатынан ажыратылат?

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын Фархат Исмаилов деген депутаты бар. Диплому жасалма экени айтып, кылмыш иши козголуп ошол бойдон "кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болду да калды. 

Бийликтеги кош стандарт, БШКнын эки жүздүүлүгү Фархатты мандатынан ажыратпай," биздин кошоматчы" дегендей билмексенге салып келишет. 

Учурунда президенттен баштап уу-дуу кылып, жасалма диплом деген чуусу Орозайым Нарматова менен Рыскелди Момбековго эле иштеди. Ушундан улам, бийликтин максаты эптеп эле экөөнү депутат кылбаш керек болгону билинди. 

Болбосо, экөөнөн башкасына бул пиар кампания иштеген жок. Текшерүү токтоду. Фархат Исмаилов президентти күнгө теңеп, Ташиевге көрүнүш үчүн Бакиров менен мушташам деп "кошомат" кылып жатып, мандатын сактап калды. 

Кайда окуганын, группалаштары ким экенин айта алган жок. Бир дагы окуу жайы бизден окуган деп айтпады. Же бир группалашы чыгып мени менен чогуу окуган дебеди. Айтор, баары түшүнүктүү болгон. Маселе, "кар жаады, из бастыга" айланып, мыйзам такыр иштебей калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости