www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликти басып алууга айыпталып жаткан Ырыс Жекшеналиев соттогу жарыш сөзүндө экспертизанын жыйынтыгы анын пайдасына чыкканын, аны камоодо, суракка алууда бир нече мыйзамдар бузулгандыгын жана ага карата коюлган айыптар негизсиз экенин айтты.
«Менин ишим боюнча бир нече көз каранды адамдар күбө катары өткөнү менен мага каршы көргөзмө беришкен жок. Бирок, мени түрмөдө камаганына жооп берип калбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү селсаякты таап көргөзмө алды. Ал селсаяк 2022-жылдын жай айларында Бишкек шаарын таштанды каптап кеткенде «Биз жыргап жатабыз. Мэрге рахмат!», - деп сүйлөп берген. Ооба, мен борборубуз таштандыга көмүлүп калганын айтып, сындап келем. Ал нерсени калаа башчы үнсүз моюнга алгандай, шаардын тазалык секторуна жоопкер Максат Сазыкулов, Олег Попиков, Жамалбек Ырсалиев баштаган 3 вице-мэрин алмаштырды. Андан сырткары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчилери болгон Азат Сагынов, Султан Алыбаев, Нурлан Касымов, Рамис Алиевдер 4 айдан ашык иштешкен жок. Аларды кызматтан алуу себеби көзү же мурду жакпай калган жеринен болгон жок, болгону ишти жөндөй албай калгандыгы болду», - деди Жекшеналиев.
«Мага карата козголгон иште кылмыштын курамы жок. Бирок, бийликти негизсиз сындаган деп айыптап жатышат. Макул, негизсиз сындагандыгымды далилдеп бергилечи?! Өткөнкү процессте прокурор революциядан кийин мамлекет артка кетти деди. Демек президент Жапаровдун бийлигин негизсиз сындап жатат. Прокурорду дагы жаныма кошкула, алты жылдын жарымын ал отуруп чыксын. Мындай болбойт да?!
Калган сөзүмдү кийинки соттук процессимде сүйлөйм», - деп жыйынтыктады айыпталуучу.
Эскерте кетсек, активист өткөн жылдын август айында камакка алынган. Бүгүнкү күндө соттук процесстери болуп, мамлекеттик айыптоочу ага карата алты жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн. Жекшеналиев ага коюлган айыптарды четке кагып келет.
Булак: NazarNews.kg