www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макрон пенсия реформасы боюнча мыйзамга кол койду

Франциянын президенти Эммануэль Макрон пенсиялык реформа боюнча мыйзамга кол койду. Аталган документ расмий журналда жарыяланганын РИА НовостиAgence France-Presse басылмасына шилтеме берип жазды.

"Франциянын президенти Эммануэль Макрон пенсиялык реформа боюнча мыйзамды, анын ичинде мыйзамда белгиленген пенсия курагын 64кө жылдырууну расмий түрдө жарыялады", — деп айтылат маалыматта.

Март айында Франциянын премьер-министри Элизабет Борн конституциянын 49.3-беренесин колдонуп, пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун парламентте добушсуз эле кабыл алган. Бул демилге көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, өлкө боюнча миллиондон ашык адам митингге чыккан. Анда демонстранттар менен полиция кагылышып, тополоң болгон.

Кечээ Франциянын Конституциялык кеңеши 2030-жылга чейин пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Мамлекет башчысы жаңы мыйзамды 48 сааттын ичинде жарыялашы керек болчу. Эми реформаны ишке ашыруу 1-сентябрдан тарта башталат.

Конституциялык кеңештин чечими жарыялангандан кийин француз профсоюздары 1-майга чейин пенсия реформасы боюнча өкмөт менен жолугушууга макул эместигин билдирип, ошол күнү "өзгөчө жана элдик" нааразылык акциясын өткөрүүгө чакырышты.

Последние новости