www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы атайын операция башталгандан кийин Орусияда кыргызстандыктардын саны азайган жок. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Кубанычбек Осмонбеков АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, атайын аскердик операция башталаары менен көптөгөн кыргызстандыктар чочулашкан. Паника болду, бирок Кыргызстандын жарандарына эч ким аскерге чакырган жок.

«Бирок буга чейин Орусиянын жарандыгын алгандар коркуп, Кыргызстанга кетип калышкан. Бир канча убакыттан кийин мобилизация бүтүп калганын, аларды эч ким куугунтуктабаганын түшүнүшүп, кайтып келе башташты жана кадимкидей иштеп жатышат.

Алардын көбү дүрбөлөңгө түшүп, мекенине кайтып башташкан. Бирок кыргыздар эле эмес, орусиялыктар дагы кетип жатканына күбө болдук. Балким, бул өзүн-өзү сактап калуу үчүн табигый инстинкт. Бүгүнкү күндө эч кандай чыңалуу жок, абал туруктуу жана эл муну ойлобой эле, кадимкидей жашап жатат», - деди ал.

Последние новости